БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Элдик курултайда суроолорго жооп берип жатып, Европа парламентин Кыргызстандын ички иштерине киришпөөгө чакырды.
Жакында эле Европа парламенти Кыргызстандагы адам укуктары жаатындагы абал жана добуш сатып алууга шектелип кармалган "Социал демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун иши боюнча резолюция кабыл алган.
Жапаров резолюцияга Европарламенттин Франциядагы мүчөсү Тьерри Мариани жооп берип койгонун белгиледи.
"Ал Европа парламенти Кыргызстандан миңдеген чакырым алыста туруп, эч бир далили жок эле кантип резолюция кабыл алып жатканын түшүнбөгөнүн билдирди. Туура айтты. Партиянын добуш сатып алганы белгилүү болуптур, биз анан алардын башынан сылашыбыз керекпи? Бизде үч революция болду, анын баары шайлоолор акыйкатсыз өткөнү үчүн болгон да. Силер биздин өлкөнүн кандай экенин элестете да албайсыңар, келип көрүп кеткиле, бизде баары ачык-айкын. Биз көз карандысыз мамлекетпиз, ошондуктан ички иштерибизге кийлигишпегиле", — деди Жапаров.
Кыргызстандын ТИМи Европа парламентинин резолюция кабыл алышын республиканын укук коргоо жана сот органдарына одоно басым жасоо аракети деп сыпаттаган.
Мындан тышкары, Садыр Жапаров АКШнын Мамлекеттик департаментине кайрылды. Ал Батыш каржылаган өкмөттүк эмес уюмдар жана ЖМКлар чоң суммадагы каражаттарды алышып, өздөрүнүн грант берүүчүлөрүнө "кооз" отчётторду берип жатышканын айтты. Президент иш жүзүнө келгенде алар жалган маалыматтарды таратуу менен жалаа жаап, терс көрүнүштөрдү гана издешерин белгиледи.
"Эгерде силер акчаны кайда коротууну билбей жатсаңар, анда түз эле бизге бергиле, биз аны даректерине жеткиребиз. Журналистиканы жогорку деңгээлге көтөрүү керек болуп жатса, анда көтөрөбүз. Керек болсо сөз эркиндигин толук камсыздап беребиз. Силердин акчаңарды натыйжалуу пайдаланып, отчётун көрсөтөбүз, алдабайбыз", — деди Жапаров.