БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Украина Россия менен убактылуу кепке келгенден кийинки согуш утурумдук токтотулган кырдаалда жашай албайт. Бул туурасында Владимир Зеленский Брюсселдеги маалымат жыйында айтканын РИА Новости жазды.
"Жарашуу туурасында айтсак, биз чатак убактылуу токтотулган кырдаалда жашай албастыгыбызды түшүнүшүңөр керек", — деген ал.
Киев режиминин башчысы эгер окуялар мындай өңүттө өнүгүп отурса, жыйынтыгында согуш кайра жанданарын кошумчалаган.
Кечээ, 19-декабрда, РФ президенти Владимир Путин Украина менен кепке келүү Киев режиминин аскерлерди даярдап, армияны кубаттандырып алуусуна жакшы жардамын берерин айткан. Мамлекеттин башчысы Москвага Россиянын өзүнө жана жарандарына кепилдик берилген узак мөөнөттөгү туруктуу тынчтык керектигин айткан.