Трамп Евробиримдикти кошумча тарифтер менен опузалады

Sputnik
БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Дональд Трамп Евробиримдиктин өлкөлөрү Американын энергетикалык ресурстарын сатып ала баштабаса салык киргизем деп коркутту. Бул тууралуу АКШнын шайланган президенти Truth социалдык тармагына жазды.
"Мен Евробиримдикке АКШ менен болгон мамиледеги чоң кемчилигин биздин мунай менен газды сатып алып толуктай турганын айттым. Болбосо туруктуу алым каралат", — деди АКШнын жаңы шайланган президенти.
РИА Новости белгилегендей, Трамп биринчи президенттик мөөнөтүндө болот менен алюминийге жаңы салыктарды киргизген. 2022-жылдын соңунда АКШ инфляцияга каршы мыйзамды кабыл алгандан кийин европалык өнөктөштөрү менен дагы бир соода согушу башталган. Буга жооп катары Евробиримдик америкалык товарларга бажы төлөмдөрүн киргизген.
Евробиримдик Трамп протекционисттик саясатка кайтып, Евробиримдиктен келген товарларга салыкты кайрадан жогорулатат деп кооптонууда. Буга чейин Кытайдын товарларынын тарифине 10 пайыз кошууну убада кылган. Мындан тышкары, кызматка киришкенден кийин, 20-январдан тарта, Мексика менен Канададан келген бардык товарларга 25 пайыздык тарифтерди киргизүү боюнча жарлыкка кол кое турганын билдирген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Трамп Украина аймактарын берүү маселеси боюнча күтүүсүз билдирүү жасады