ЖМК: Орбан Россияга каршы санкциялардын узартылышына вето коюшу мүмкүн

Sputnik
БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан америкалык президент Дональд Трамптын ант берүүсүнөн кийин Россияга коюлган санкциялардын узартылышына вето коюшу мүмкүн. Бул туурасында РИА Новости Bloomberg агенттигине таянып жазды.
Евробиримдик Москвага каршы чектөөлөрдүн 15 пакетин киргизген, эми аларды ар бир алты айда узартып туруш керек. Кезектеги мындай процедура январдын соңунда, АКШнын жаңы шайланган президенти ант берип ишке киришкенден 11 күндөн кийин жасалышы керек.
"Буга чейин кадыресе жасалып келген иш болгон, бирок эми аны узартыш үчүн союздун 27 мүчөсүнүн бирдиктүү колдоосу керек, мындай нерсе Орбанга вето коюга мүмкүнчүлүк берет", — деп айтылат маалыматта.
Маалыматы болгон агенттиктердин жазганына караганда, премьер-министр европалык лидерлерге Трамптын инаугурациясын күтүп жаткандыгын, андан соң чектөөнү узартуу керекпи же жокпу деген маселени чечерин айткан.
Буга чейин Венгриянын тышкы иштер жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча министри Петер Сийярто ЕБ мамлекеттеринин ТИМ жетекчилеринин отурумунун аягында алардын өлкөсү санкциялардын 15-пакетинен бир нече россиялыкты чыгарууга мүмкүн болгонун айткан эле. Алар патриарх Кирилл, БУУдагы Россиянын атайын өкүлү Василий Небензя жана Россиянын олимпиадалык комитети жана эки футболдук клуб кирген.
Аткаминер чиркөө ишмерлерине чектөө киргизилгенден кийин тынчтыкка жетүү мүмкүнчүлүгү жок болорун айтты.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Трамптын командасы Орбандын Украина боюнча сунушун кароого даяр