БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Кыргызстанда жаңы жылда Билим берүү министрлиги экиге бөлүнүп, Жогорку билим жана илим министрлиги менен Агартуу министрлиги түзүлөт. Бул тууралуу ЖК төрагасы Нурланбек Шакиев бүгүн Элдик курултайда билдирди.
Анын айтымында, министрликти бөлүү демилгесин президент Садыр Жапаров колдоп берген.
"Билим берүү илим министрлиги аябай чоң тармак. Министр бир эле учурда мектепке чейинки билим, мектеп, лицейлер, жогорку окуу жайлар өңдүү 8-9 багытты алып барат. Бул министрликке эки баштуу министр алып келсек дагы ал ишти алып кете албай жатат. Ошондуктан парламентте дагы айттым, министрликти бөлүш керек. Мектепке чейинки жана мектеп билими өзүнчө — Агартуу министрлиги, ал эми Жогорку билим жана илим министрлиги өзүнчө түзүлүшү керек. Билим сапаттуу болмоюн, сапаттуу келечек болбойт. Ушул демилгени президентибиз кубаттап, кечээ сүйлөштүк, жаңы жылда жаңы министрлик түзүлгөнү турат. Жогорку билим жана илим министрлиги менен Агартуу министрлиги", — деди төрага.
Ошондой эле ал өлкөнү жашылдандыруу иштери натыйжасыз болуп жатканын белгилеп, Токой кызматы менен Экологияны өзүнчө структура кылып түзүү керектигин кошумчалады.
Белгилей кетсек, 20-21-декабрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында президент Садыр Жапаровдун катышуусунда III Элдик курултай өтүп жатат. Ага өлкөнүн бардык аймактарынан 700 делегат, ошондой эле Жогорку Кеңештин төрагасы баштаган депутаттары, министрлер кабинетинин төрагасы баштаган өкмөт мүчөлөрү жана башка уюмдардын жетекчилери катышууда. Иш-чараны чагылдыруу үчүн 100дөн ашык ЖМК аккредитациядан өткөн.
Курултай — жалпы элдин көйгөйлөрүн көтөрүп, багытын аныктай турган институционалдык жыйын. Ал боюнча норма Баш мыйзамга киргизилип, тиешелүү мыйзам кабыл алынган. Байыртадан кыргыз эли маанилүү чечимдерди курултай аркылуу чечип келгени айтылат.