БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Абитуриенттер жогорку окуу жайларга ЖРТнын жыйынтыгы боюнча төрт этап менен кабыл алынат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, өнөктүк төмөнкү мөөнөттөрдө өтөт:
биринчи тур 2024-жылдын 23-25-декабрында;
экинчи тур 2025-жылдын 13-15-январында;
үчүнчү тур 2025-жылдын 20-22-январында;
төртүнчү тур 2025-жылдын 27-29-январында.
Министрлик ЖОЖдорго кышкы кабыл алуу акы төлөнүүчү орундарга жүргүзүлөрүн белгиледи.
Университеттердин жана кесиптердин тизмеси, катталуу жана жеке кабинети боюнча нускама министрликтин сайтына жайгаштырылган.
Ошондой эле 2024-жылдагы ЖРТнын жыйынтыктары сынакка катышуу үчүн жарактуу экени айтылды.
Окуу жайларга жылына эки жолу кабыл алуу механизми билим алууну жеткиликтүү кылуу максатында иштелип чыкканы кошумчаланды.