БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Жалал-Абад шаарында тыюу салынган "Хизб ут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмунун туруктуу түзүмү жок кылынганын УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, операциянын алкагында аталган уюмдун активдүү 22 мүчөсү кармалган.
"Шектүүлөрдүн арасында шаар боюнча "масул" (жетекчи), беш "накиб" (рухий насаатчы), сегиз "мушриф" (окутуучу) болгон. Ар бир "мушриф" 3-5 окуучуну жашыруун шарттарда экстремисттик идеологияга окуткан. Топтун мүчөлөрү бир нече жыл бою Жалал-Абад шаарында эл арасында деструктивдүү идеологияны жайылтып, жаңы тарапташтарды тартуу менен алектенген. Ошондой эле интернетте фейк аккаунттарды түзүп, тыюу салынган экстремисттик материалдарды жашыруун басып чыгарып таратышкан", — деп жазылган маалыматта.
Кармалгандар талкууланып жаткан "Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө" жаңы мыйзам долбооруна каршы чыгып, ага каршы баракчаларды таратуу иштерин жүргүзүшкөнү айтылды. Кармоо операциясы учурунда жашыруун типография, экстремисттик адабияттар, баракчаларды чыгаруучу компьютердик жана көчүрмө техника, ошондой эле коопсуздукту камсыздоо максатында дрон колдонулганы белгилүү болду.
Кармалгандар УКМКнын тергөө абагына киргизилип, тыюу салынган уюмдун башка түзүмдөрүн жана кылмыштуу байланыштарын аныктоо боюнча иш-чаралар улантылып жатканы кошумчаланды.
* Ишмердүүлүгүнө Кыргызстанда, Россияда тыюу салынган террордук уюм.