БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Россия дайыма сүйлөшүүлөргө жана ымалага келүүгө даяр. Бул туурасында Владимир Путин 2024-жылды жыйынтыктаган маалымат жыйында айтты.
Ал америкалык журналисттин "Москва Киевге кандай шарттарды түзүүгө даяр жана ымалага бара алабы?" деген суроосуна жооп берди.
"Саясат — бул ымалага келүүнүн искусствосу. Каршы тарап сүйлөшүүдөн таптакыр баш тартып туруп алды, биз дайым даярбыз. Мындай сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы ар дайым эпке келүү менен бүтөт. Биз 2022-жылы Стамбулда макулдашканбыз. Украин тарап документке кол койгон, демек, макул болгон, андан кийин эле силердин өнөктөшүңөр Жонсон мырза (Улуу Британиянын ошол маалдагы премьери) келип, акыркы украин жараны калганча согушарын айткан. Мына эми алар согушуп жатат. Жакында ал жакта согушууну каалаган эч ким калбайт. Биз даярбыз, бирок тигил тарап да сүйлөшүүлөргө жана ымалага келүүгө даяр болушу керек", — деди Путин.