БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Россия Украина менен тынчтык сүйлөшүүлөрдү аталган өлкөнүн мыйзамдуу бийлигинин өкүлдөрү менен жүргүзөт, бул юридикалык формалдуу маселе.
Бул туурасында РФ лидери Владимир Путин жылдын жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынын өткөрүп жатканда билдирди.
Владимир Зеленский шайлоого барып, мыйзамдуу президент болсо гана сүйлөшүүлөргө бара алат.
"Эгерде Украина кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салууну кааласа, Украинанын ичинде бул процессти уюштура алышат. Ага мүмкүнчүлүктөрү бар. Бирок биз мыйзамдуулары менен гана кол кое алабыз (документке — ред.), азыр легитимдүүсү — Рада жана анын төрагасы. Бирок алар толугу менен азыркы режимдин башчысынын алдында турат. Бул — юридикалык формалдуу маселе. Өз ичтеринде каалагандай кылып уюштура беришсе болот, бирок кол коюуга келгенде (эгерде ошого жетсек), легитимдүү бийликтин өкүлдөрү менен гана сүйлөшөбүз", — деди Путин.
Анткен менен Украинанын мамлекеттик түзүлүшү бийликтин бир катар органдары президент тарабынан түптөлгөн системада экендигин эске салган. Эгерде өлкөнү башкарган кишинин бийлиги мыйзамсыз болсо, калгандары да легитимдүүлүгүн жоготорун эске салган.
"Зеленскийдин буйруктарын аткаруу — мыйзамсыз иштерге катышкандык", — деген Путин.