БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Россия миграция маселесин коңшу өлкөлөр менен биргеликте чечиши керек. Бул тууралуу Владимир Путин маалымат жыйында айтты.
Ал мигранттардын санын азайтуу үчүн эмгек өндүрүмдүүлүгүн көтөрүү керектигин белгиледи.
"Эгерде муктаждык болсо биздин айрым өнөктөштөрүбүз менен биргеликте, биринчи кезекте Борбор Азия өлкөлөрүндө адамдарды буга даярдашыбыз керек. Ал үчүн орус мектептер тармагын, орус тилин өнүктүрүп, Россиянын мыйзамдарын түшүндүрүү кажет", — деди Путин.
РФ лидеринин миграция боюнча билдирүүсүнөн урунттуу учурлар:
ИИМдин алкагында миграциялык иштерди күчөтүп, өзүнчө борбор түзүү керек;
Россия жогорку квалификациялуу адистерди тартууга кызыкдар;
Россияда миграция маселеси курч, бирок Европада мындан да курч.