БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Атайын операция жүрүп жаткан аймакта абал кескин өзгөрүүдө, россиялык армия фронттун бардык чегинде күн сайын алдыга жылып бара жатат. Бул туурасында РФ лидери Владимир Путин 2024-жылды жыйынтыктаган маалымат жыйында айтты.
Ал Россиянын аскерлери жерлерди күн сайын чарчы чакырымдап кайтарып алып жатканын белгилеп, украин күчтөрүн Курск облусунан чыгарып жатканын кошумчалады.
"Мурда айтып кеткендей, кеп 100-200-300 метрге жылгандык туурасында жүрүп жаткан жок. Биздин аскерлер аймактарды (чарчы) чакырымдап кайтарып алып жатат. Белгилеп айта кетейин, бул күндө болууда", — деди Путин.
Ал согуш оңой нерсе эмес экендигин баса белгилеп, алдын ала айтууга болбостугун эске салды.
"Биз аларды талкалайбыз. Башкача болушу мүмкүн эмес. Бирок датасы туурасында, кечирип койгула, айта албайм. Алардын (россиялык күчтөрдүн — ред.) планы бар. Мага күн сайын кабарлап турушат. "Бул күнү" деп айтканга болбойт. Балдар мени угуп турушат. Бир-эки күндүн датасын айтсам, алар эч нерсеге, жоготууларга карабай ошол күнү алышат. Бирок анткенге болбойт, мындай кыла албайбыз", — деди Путин аскерлердин өмүрү маанилүү экенин эске салып.
Башкы командачы бирок түпкү максат мурда айтылгандай эле күчүндө турганын белгиледи.
"Биз биринчи орундагы, аскердик атайын операция башталганда койгон милдеттерибизге жетиш үчүн алдыга улам жылып жатабыз", — деди Путин.
Ал Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Курск багытында талкаланган сооттолгон техникаларынын саны россиялык аскерлердин өткөн жылы согуштун бардык чектериндеги иштен чыккан техникаларынан да ашып кеткендигин кошумчалады.