Пресс-борбор

2025-жылы Кыргызстанда трансформаторлорду курап чыгаруу пландалууда

Sputnik
БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. 2025-жылы Кыргызстанда трансформаторлорду курап чыгаруу пландалууда. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.
Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн онлайн-брифингге катышты.
Энергетика министри Таалайбек Ибраев
"Соңку жарым жылдан бери Кыргызстанда өндүрүлгөн атайын техникаларды жана жеңил автоунааларды сатып алып жатабыз. Республикада аз чыңалуудагы кабелдер да чыгарылат. Инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө, алар Кыргызстанда трансформаторлорду чогултууга даяр. Буюрса келерки жылы өлкөдө жыйналган аз кубаттуу трансформаторлорду сатып ала баштайбыз", — деди Ибраев.
Министр жогорку кубаттагы трансформаторлор негизинен Кытайдан сатып алынарын кошумчалады.
Садыр Жапаров жарыктын өчүрүлүшү боюнча комментарий берди