РФ ТИМи үч өлкөнүн нацизм боюнча резолюциядагы позициясын сындады

Sputnik
БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Германиянын, Италиянын жана Япониянын Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУнун) Башкы Ассамблеясындагы (БА) Россиянын нацизмди даңазалоо менен күрөшүү боюнча резолюциясына каршы позициясы айыптоого татыктуу жана өткөн жүз жылдыктагы тарыхты эске алганда кооптуу тенденцияны көрсөтүүдө. Бул туурасында РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова брифингде айтты.
Мурдараак АКШ, Германия, Канада, Италия, Япония жана Украина Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУнун) Башкы Ассамблеясындагы (БА) Россиянын нацизмди даңазалоо менен күрөшүү боюнча резолюциясына каршы добуш берген 53 өлкөнүн катарына кошулган. Мындай тоскоолдукка карабай документ кабыл алынган, тагыраагы, 119 мамлекет добушун берип, дагы 10у калыс пикирди карманган.
"Өзгөчө Германия, Италия жана Япония айыптоого татыктуу. Алардын резолюцига каршы берген добушу бул мамлекеттердин XX кылымдагы тарыхындагы кара барактарын эсепке алганда кооптуу тенденция болуп турат. Мунун баары бизди алардын көптөгөн согуштагы адамзатка каршы кылмыштары үчүн, Экинчи дүйнөлүк согуштун жана биздин Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарында жасаган геноциди үчүн чын жүрөктөн өкүнгөнүнөн күмөнсүүгө түрткү берет", — деген Захарова.
Ал БУУнун БАсында Россиянын резолюциясына добуш берүүнүн жыйынтыгы эл аралык коомчулуктун колдоосу өсүп жаткандыгынан кабар берерин көрсөтүп жатканын белгилеген. Резолюцияда "мыйзам чыгаруу жана билим берүү тармагында адам укуктары боюнча эл аралык милдеттенмелерге ылайык, Экинчи дүйнөлүк согуштун тарыхын жана жыйынтыктарын кайра карап чыгууга жол бербөө, аны менен катар адамзатка каршы кылмыштарды, Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда жасалган согуш кылмыштарын четке кагуу" тууралуу айтылган.
Документтин авторлору нацизмди даңазалап жайылтууга байланышкан жоруктарды кескин сындап, буга Экинчи дүйнөлүк согуштун курмандыктарына арналган эстеликтерге ушундай мазмундагы граффитилер менен сүрөттөрдүн түшүрүлүшүн мисал келтиришкен. Буга кошумча, өлкөлөрдү расалык дискриминациянын бардык түрүн жок кылууга чакырык ташталып, муну мыйзам менен бекитүү талабы айтылган.
Резолюция билим берүү системасындагы расизмге, дискриминацияга, этникалык, улуттук өзгөчөлүгүнөн, диний ишениминен улам зомбулук көрсөтүүнү пропагандалаган материалдардын колдонулушуна каршы.
Захарова нацизм боюнча резолюцияны колдобогон мамлекеттерге эскертүү жасады