БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Бишкекте саркынды сууларды тазалоочу курулмаларды реконструкциялоо жана жаңылоо боюнча долбоор башталарын мэриядан маалымдашты.
SFC Investment Development for Environment жана Phu Dien Investment Construction and Trading компанияларынын консорциумдары менен мамлекеттик-жеке өнөктөштүк тууралуу келишимге кол коюлду. Мэр Айбек Жунушалиев долбоор алкагындагы жумуштар өзгөчө көзөмөлдө болорун белгилеген.
"Бизге сапаттуу жабдууларды орнотуу маанилүү", — деген ал.
Долбоор саркынды сууларды тазалоочу курулмаларды комплекстүү түрдө реконструкциялоого жана жаңылоого багытталган.
Долбоордо төмөнкү иштер камтылган:
ультра жарыктуу дезинфекциялуу системасын (хлорлоо технологиясынын ордуна) киргизүү жана жыттарды жоготуу;
суунун сапатын анализдөө үчүн лабораторияларды алдыңкы технологиялар менен жабдуу;
саркынды сууларды тазалоону көзөмөлдөөнү автоматташтыруу.
Долбоордун жыйынтыгында:
тазаланган саркынды суулардын сапаты улуттук жана европалык экологиялык стандарттарга жооп берип калат;
жыттарды жок кылуу системасын киргизүү аркылуу айлана-чөйрөгө терс таасир азаят.
Мэрия турак жай-коммуналдык чарба тармагындагы долбоорлорду өнүктүрүүгө өзгөчө маани берилерин белгилеген.