БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңеште Эмгек кодексинин долбоору үч окууда кабыл алынды.
Муну менен бирге "Эмгек кодексин колдонууга киргизүү жана Кыргыз Республикасынын эмгек чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" долбоору да кабыл алынды.
Ага ылайык, 23-февраль (Мекенди коргоочулар күнү), 7-апрель (Апрель элдик революциясы күнү), 7-8-ноябрь (Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү) майрам бойдон калат, бирок иш күндөрү болот.
Дагы бир жаңылык: дем алыш күндөрүн жылдыруу нормасы жокко чыгарылды. Мурда майрам ишемби же жекшембиге туура келсе, эс алуу күнү кийинки жумуш күнүнө которулчу. Эми мындай болбойт.
Документте жаңы жыл (1-6-январь) жана май майрамдары (1, 2, 3, 4, 6, 7, 8-май) да так көрсөтүлгөн.
Буга чейин Эмгек кодексинин долбоору экинчи окуу режимине комитетке кайтарылган. Буга кодекстин 120-беренесине ылайык, бийик тоолуу аймактар 2000 метрден башталат деп көрсөтүлгөнү, аны 1800 метрге өзгөртүү керектиги себеп болгон.