БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Депутат Балбак Түлөбаев Адылбек Касымалиевге эмнеден сак болуу керектигин эскертти.
Эл өкүлү ал өтө оор маалда кызматка келип жатканын белгиледи.
"Адылбек Алешович, мурдагы команданын ичинде "саботажниктер", артынан бычак сайгандар болду. Жакшы анализ кылыңыз. Сизге оор түйшүк түшүп жатат. Алдыдагы коркунучтарды айтып коеюн, биринчи – ички карызды абайлаңыз, экинчиси – энергосекторду караңыз, кышында кыйын болот, үчүнчүсү – командаңыздын ичиндегилерди тыйыңыз", – деди депутат Касымалиевге.
Ал эми Жанар Акаев Адылбек Касымалиевдин резюмесин карап "жакшы киши" дегенди гана көрө алганын, бирок "менеджер", "реформатор" деген керектүү сапаттарды таппаганын кошумчалады.
"Сиздин мурдагы жетекчиңиз кызматтан кетти. Кечээ УКМКнын төрагасы акциз боюнча чыгым 30 миллиарддан (сом) ашты деди. Сиз ушул жакта куратор болчусуз. Жоопкерчилик сизде дагы болушу керек", — деди Акаев.
Касымалиев буга жооп кылып, салык системасын райондон баштап оңдоп чыгарын айтты.
Азыркы тапта Жогорку Кеңеште министрлер кабинетинин төрагалыгына Адылбек Касымалиевдин, анын биринчи орун басарлыгына Данияр Амангелдиевдин, экономика жана коммерция министри кызматына Бакыт Сыдыковдун талапкерлиги каралууда.