Азербайжандын президенти орус тилин кодулоону жаңылыштык деп атады

Sputnik
БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Азербайжандын президенти Илхам Алиев ВГТРК жана РИА Новостидеги маегинде орус тилин саясий себептерден улам кодулоону жаңылыштык деп атады.
Ал белгилегендей, Азербайжан үчүн орус тилин сактоо оңой, анткени коомчулукта чоң суроо-талапка ээ, тагыраагы, көптөр бул тилде сүйлөшөт.
"Атамдын жана менин бийлигимдин учурунда орус тилине карата эч качан чектөөлөр болгон эмес жана болбойт дагы. Тескерисинче, элибиз орус тилин мыкты билиши үчүн кошумча шарттарды түзүүгө аракет кылып келебиз", — деди президент.
Анын айтымында, Азербайжанда орус тилинде окуткан 320дан ашык мектеп бар. Жалпысынан 1 миллионго жакын адам экинчи тил катары өздөштүрүшөт. Ошондой эле анын өлкөсүндө Москва мамлекеттик университетинин жана Сеченов академиясынын филиалдары бар.
"Тил билүү акылды байытат, ал эми өтө жакшы билүү адабиятка, илимий иштерге толук үңүлүүгө шарт түзөт. Биздин окумуштуулар көп маалыматтарды россиялык булактардан алышат. Бул дагы биздин элибизге КМШнын башка өлкөлөрүнүн жашоочулары менен баарлашууга мүмкүнчүлүк берет", — деди Алиев.
Ал шериктештикке кирген өлкөлөрдүн лидерлери орус тилинде да баарлашарын баса белгиледи.
"Орус тилине карата мындай мамиле азербайжан тилине да, биздин өзгөчөлүгүбүзгө да, маданиятыбызга да шек келтирбейт. Тескерисинче, достук маанай тартуулайт", — деди мамлекет башчы.
Ал Маданияттар аралык диалог форуму Бакуда өтүп жатканы бекеринен эмес экенин кошумчалады.
Илхам Алиев Россиянын USAID уюмуна тыюу салуу чечимин туура деп эсептейт