Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Украиналык аскерлердин Селидово аймагында элди аткылаганын айтышты

Sputnik
БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Украинанын Куралдуу күчтөрү Селидово аймагындагы жашоочуларды аткылаган, каза болгондордун көбү — аялдар менен улгайган адамдар. Бул туурасында РФтин Коомдук палатасынын мүчөсү, украиналык неонацисттердин кылмыштарынын трибуналы боюнча эл аралык коомчулуктун төрагасы Максим Григорьев айтканын РИА Новости жазды.

"Украиналык неонацисттердин кылмыштарына карата Эл аралык коомдук трибунал алардын аскердик кылмыштарын жана жасалып жаткан геноцидди, анын ичинде аларга убактылуу көзөмөл кылган аймактарда каттап жатат. Бул убакыт аралыгында, 2022-жылдан бери, миңден ашык жабыркаган адамдарды жана күбөлөрдү суракка алдык... Көбүнчө (өлгөндөр - ред.) аялдар, карыялар, улгайган адамдар. Көп учурда башка, моюнга, баш тарапка атып өлтүрүшкөн. Түз эле атышкан", — деген докладдын автору Григорьев.

Ал жабыркагандар жана кылмышка күбө болгондор менен көзмө-көз сүйлөшкөндүгүн айтты. Бир катар үйлөрдө бүтүндөй бир үй-бүлөлөрдү атып, өрттөшкөн.
"Селидово аймагындагы кылмыштар өзүнүн мыкаачылыгы менен таң калтырган. Жырткычтык. Кесиптештерибиз менен Селидового келгенибизде шаар бейкүнөө атылган жай жарандардын өлүгүнө толуп калыптыр", — деп кошумчалады ал.
Григорьевдин айтымында, докладдын материалдары россиялык тартип коргоо органдарына өткөрүп берилди.
"(Күбөлөрдүн айтуусунда - ред.) Грузин тили жана кандайдыр бир себептен француз тилинде сүйлгөн үн угулган. Демек, бул жерде Франциядан келгендер болсо керек, алар кеп болуп жаткан аткылоолорго катышкан. Снайперлер иштешкен, кыязы, ар бир украиналык калк жашаган аймактарда болуп чыккандай", — деген аталган уюмдун өкүлү.
Россиянын Куралдуу күчтөрү 29-октябрда ДЭРдеги Селидовону бошотуу жөнүндө билдирген. Шаар Донецкиден түндүк-батышка карай болжол менен 40 чакырым аралыкта жайгашкан жана стратегиялык маанилүү орунга ээ. Бул жер Украина армиясы үчүн эң ири жана бекем аймактардын бири болгон.
Россиянын президенти Владимир Путин Россиянын Коргоо министрлигинин жыйынында Киев режиминин бардык кылмыштары документтештирилиши керек экенин жана кылмышкерлер табылып жазаланарын айткан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Жабыркагандар украин аскерлеринин Курскидеги кылмыштары тууралуу айтып беришти