БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Дональд Трамп Украинанын аймактарын берүү боюнча маселени талкуулоону Fox News телеканалынын эфиринде убадалаганын РИА Новости жазды.
"Мен бул тууралуу (аймактарды берүү жөнүндө. — ред.) биринчи жолугушуум болгондо айтам", — деди Трамп. Бирок ал кайсы жолугушууну көздөп жатканын тактаган жок. Ошол эле маекте Украинанын аймагындагы согушту токтотуу боюнча Владимир Путин жана Владимир Зеленский менен сүйлөшүүгө даяр экенин билдирген.
Буга чейин Трамп Украинадагы жаңжалды жөнгө салууга инаугурациясына чейин эле аракет көрөрүн айткан. Трамп бул маселени администрациясынын негизги артыкчылыктарынын бири катары баалап, мамлекет башчылык кызматына расмий киришкенге чейин эле кадам таштаарын билдирген.
Эскерте кетсек, Трамп Украинадагы жаңжалды 24 сааттын ичинде токтото аларын айткан. Ал эми Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков бул өтө татаал, бир күндө жөн салды чечиле калбай турган маселе экенин белгилеген.