БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Жалган маалымат 10 миңдеген адамдарды адаштырган курал болуп калышы ыктымал. Бул тууралуу Садыр Жапаров журналисттерге "Мейкин" сыйлыгын тапшыруу аземинде билдирди.
Анын айтымында, санарип доордо маалыматтар ыкчам жайылып, анын чын-бышыгын аныктоодо журналисттердин ролу жогору.
"Барган сайын кооптуу болуп, татаалдашып бара жаткан дүйнөнүн объективдүү картинасын калыптандыруу, коомдук аң-сезимди манипуляциялоого жөндөмдүү дезинформацияга каршы күрөшүү сиздердин жоопкерчилик менен кесипкөйлүгүңүздөрдөн көз каранды. Маалымат жайылтууда, фактыларга таянууда аң-сезимдүүлүк менен аяр мамиле кылуу, аларды кылдат текшерүү, заманбап журналисттин кесиптик ишмердүүлүгүнүн негизги компоненттери экенин жакшы билесиздер. Антпесе жалган маалымат коомго олуттуу сокку уруп, мамлекетке жана бийлик институттарына болгон ишенимди кетирип, социалдык чыңалууну жаратып 10 миңдеген адамдарды адаштырган курал болуп калышы мүмкүн. Биз элибизди, айрыкча жаштарды окуяларды ылгап кабыл алууга үйрөтүшүбүз керек", — деди Жапаров.
Ошондой эле өлкө башчы "Мейкин" сыйлыгы журналистика тармагында кесипкөйлүктү өнүктүрүп, жаштарды шыктандырууга өбөлгө болот деген ишенимин билдирди.