БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Бундестагдын депутаттарынын көбү Германиянын канцлери Олаф Шольцтун өкмөтүнө көрсөтүлгөн ишенимден ажыратуу маселесин көтөрдү. Бул февралда мөөнөтүнөн мурда өтчү шайлоого жол ачарын парламенттин төрагасы Бербель Бас түз эфир учурунда айтканын РИА Новости жазды.
Жыйынга катышкан 717 депутаттын ичинен 394ү канцлерге каршы чыгып добуш берген. 207 эл өкүлү ага нааразы эместигин айтса, 116сы ортодо турган. Ишеним көрсөтүү же андан ажыратуу үчүн 367 добуш керек.
Өкмөткө ишенимдин жоктугунан жана президент парламентти тараткандан кийин мөөнөтүнөн мурда болчу шайлоо күтүлүп жатат. Алдын ала эсептөөлөрдө добуш берүү 2025-жылдын 23-февралында болушу мүмкүн.
Ишеним туурасында сурамды канцлер өзү өткөн шаршембиде, 11-декабрда, жөнөткөн.
Бундестагдын жогорудагы маселеге арналган кезексиз жыйынында анын башкы атаандашы Христиандык-демократиялык союздун башчысы (ХДС) Фридрих Мерц Шольцту Германиядагы экономикалык каатчылыктын жүзү деп атап, мамлекетти уятка калтырып жатат деп сыпаттаган.
Канцлер отурумда министрлер кабинетин башкарып турганда Германия өзүнүн коопсуздугуна зыян келтирип Украинага аскерлерди жана Taurus канаттуу ракеталарын жөнөтпөй тургандыгын айткан.
Германия ноябрдын аягында өкмөттүк коалициянын бөлүнүп-жарылышына тушуккан. Каатчылык Шольцтун көрсөтмөсү менен Эркин-Демократиялык партияны жетектеген финансы министри Кристиан Линднердин кызматтан кетиши менен башталган. Канцлер буга Линднердин бир учурда эле Украинанын чыгымдарын көбөйтүүгө жана Германиянын келечегине инвестиция салууга макул болбошу себеп болду деп айткан.