БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Кылычбаев ИИМдин жетекчилигине милиция кызматкери болуп иштеген аялдарга жоолук салынууга уруксат берүүнү сунуштады.
Анын айтымында, Баш мыйзамдагы дин тутуу эркиндиги жаатындагы норма боюнча, аял кызматкерлерге чач, моюндарын жаап жүрүүгө мүмкүндүк бар.
"Дин боюнча, аялдар жоолук салынышы керек. Мен аялдарга жоолук салынып, анын үстүнөн фуражка кийүүгө уруксат берүүнү сунуштайм. Азыр динди карманган кыз-келиндер көп. Балким, дресс-коддон улам алар сиздерге (ички иштер органдарына - ред.) ишке орношо албай жаткандыр", — деди депутат Кылычбаев.
Ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов бул сунуш боюнча жооп берди.
"Күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери бекитилген форманы кийиши керек. Алар мамлекеттик кызматкер болгондуктан дресс-кодду сактоого милдеттүү", — деди Бийбосунов.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеңеште дин чөйрөсүндөгү мыйзам долбоорлору парламенттик угуунун алкагында талкууланып жатат.