Жалал-Абадда дайынсыз жоголгон адамдын бычакталып, өрттөлгөн сөөгү табылды

Sputnik
БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Жалал-Абадда М.М. аттуу кишинин 60 жолу бычак сайылган сөөгү табылды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.
Маалыматка ылайык, 9-декабрда сузактык 27 жаштагы К.М. аттуу келин 32 жаштагы жолдошуу 21-ноябрдан бери дыйынсыз болуп жатканын айтып милицияга кайрылган.

"13-декабрда Базар-Коргон районунун Чарбак айылынын таштанды төккөн жайынан өрттөлүп, кездемеге оролуп ыргытылган сөөк табылган. Келин каза болгон адам анын жолдошу экенин кийимдеринен тааныган. Сөөктү кароо учурунда анын алтымыш жерине учтуу нерсе менен сайылганы аныкталган", — деп айтылат маалыматта.

14-декабрда кылмышка шектелип Жалал-Абад шаарынын 18 жаштагы Д.Х. жана 20 жаштагы М.А. аттуу тургундары кармалып, камакка алынган.
"Тергөөнүн жүрүшүндө шектүүлөр менен каза болгон адамдын ортосунда акча боюнча пикир келишпестик болгону жана окуяга дагы бир жарандын тиешеси бар экени аныкталган", — деп жазылган милициянын маалыматында.
Ойго келбеген жорук. Кара-Сууда аялына кошуп кайненесин кошо сабаган киши камалды