Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Трамптын командасы Орбандын Украина боюнча сунушун кароого даяр

Sputnik
БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Трамптын командасы Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын Рождество күнү Украинада атышууну токтото туруу сунушун карап чыгууга даяр. Бул тууралуу Дональд Трамптын администрациясындагы улуттук коопсуздук боюнча кеңешчи Майкл Уолтц CBS News телеканалына курган маегинде билдирген.
"Согуштук аракеттерди токтотуу керек. Эгер алгачкы кадам катары атышуу токтосо, анда биз бул эмнеден кабар берерин кылдат изилдейбиз. Бирок 20-январга чейин азыркы бийлик менен да кызматташып жатабыз", — деди ал.
Уолтц Орбан орус бийлигинин өкүлдөрү менен үзгүлтүксүз байланышып турганын, ошол эле учурда Дональд Трамп менен да жакшы мамиледе экенин белгиледи.
Буга чейин Виктор Орбан Владимир Путинге Россия менен Украинанын ортосунда туткундарды алмашуу жана Рождество майрамында атышууну токтотуу сунушун берген. Бул дипломатиялык каналдар аркылуу Владимир Зеленскийге да жеткирилген. Орбандын айтымында, Зеленский бул сунушту четке каккан. Венгриянын премьер-министринин администрациясынын башчысы Гергей Гуйяш Россия Венгриянын туткундарды алмашуу сунушуна макул болгонун, ал эми атышууну токтотуу идеясын кабыл да албай, четке да какпаганын, бирок карап чыкканын билдирди.
Россия менен келишебиз. Германия АКШнын НАТОдон чыгышы тууралуу