Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Трамптын командасы Украинадагы жаңжалды токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Sputnik
БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамптын кеңешчилери учурдагы америкалык администрациянын жана украиналык жетекчиликтин өкүлдөрү менен Москва-Киевдин ортосундагы жаңжалды токтотуунун жолдору тууралуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу NBC News телеканалы билдиргенин РИА Новости жазды.
Маалыматта Трамптын командасы, анын ичинде негизги кызматтарга коюлчу талапкерлер дагы азырынча Киевге так план бере электиги айтылат.
Трамп өзү дагы жакында эле Time журналына курган маегинде эч нерсени ачыктаган эмес. Бирок ал Украинага жардамды Россияга каршы таасир берүү жолу катары колдонорун айткан.
АКШнын жаңы шайланган президенти кызматына 20-январдан тарта киришет.
Трамп буга чейин Жо Байден президент болбогондо Украинадагы жаңжал эч канчан башталмак эмес деп айткан. Ал кайрадан өлкө жетекчилигине келсе жаңжалды 24 саат ичинде чечип коерун билдирген.
Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков бул билдирүүгө комментарий берип жатып, маселе оор болгондуктан бир күндө чечиле турган нерсе эместигин айткан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Марк Рютте Украина маселесинин Россиясыз талкууланышы туурасында айтты