БИШКЕК, 12-дек. – Sputnik. Президент Садыр Жапаров автоунааларды милдеттүү түрдө техникалык кароодон өткөрүү тартибин киргизүүгө каршы пикирин билдирди. Бул тууралуу анын маалымат катчысы Аскат Алагозов соцтармактагы баракчасына жазды.
Өлкө башчы демилгени төмөнкү жүйөөлөрдүн негизинде колдогон эмес:
өлкөдө эски унаалардын саны азайган
такси кызматындагылар автоунааларынын техникалык абалы жакшы болушуна биринчи кезекте өздөрү кызыкдар
техникалык кароону милдеттүү түрдө киргизүү коррупциялык тобокелдиктерге жол ачышы ыктымал
Буларды эске алуу менен президент техкароону кайра киргизүүнү караган мыйзам долбоорун коомдук талкуудан алып коюу сунушун берди.