Өлгөндөр кантип салык төлөгөн? Санарип министрлиги депутатка жооп берди

Sputnik
БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты жок адамдардын салык төлөгөнү тууралуу айткан маселе боюнча эки мекеме аралык жумушчу топ түзүлдү. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
Кечээ, 11-декабрда, депутат Акбөкөн Таштанбеков санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаевага суроо узаткан.
"10 жыл мурда өлгөн 200дөй адам кантип кабинет ачып салык төлөп жатат? Мындай болушу мүмкүн эмес. Мындан тышкары, сиздин кол алдыңыздагыларга 200 документ боюнча тапшырык жибергем. Сиздер экөө боюнча маалымат берип, калгандарын бербей жатасыздар. Ал аз келгенсип укук коргоо органдарын адаштырып, документтерди жок кылып жатасыздар. Эмнеге үч айдан бери маалымат бербей жатасыздар?" — деген эл өкүлү.
Маалыматка ылайык, жумушчу топтор салык жана архив маселелери боюнча түзүлүп, ага укук коргоо органдарынан дагы өкүлдөр кирген. Ошондой эле анда депутат комплекстүү жана олуттуу маселени көтөргөнү белгиленген.
Министрлик түзүлгөн комиссиялардын ишине Акбөкөн Таштанбековдун киришине сунуш жасалганын белгиледи.
Санариптик өнүктүрүү министрлиги эгер мыйзам бузуулар аныкталса териштирүү үчүн бардык материалдарды укук коргоо органдарына өткөрөрүн кошумчалады.
Жогорку Кеңеште дин чөйрөсүндөгү мыйзам долбоорлору биринчи окууда жактырылды