БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Кара-Суу районунда аялы менен кайненесин таяк менен сабаган киши жети суткага камакка алынды. Бул тууралуу Ош ОИИБден кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 30-ноябрда 64 жаштагы аял күйөө баласы токмоктогонун айтып милицияга арыз жазган. Экспертиза жабырлануучунун ден соолугуна атайын жеңил зыян келтирилгендигин аныктаган.
Бул боюнча райондук сот эркек кишини жети суткага камакка алган. Мындан тышкары, 2-декабрда анын 24 жаштагы аялы дагы арыз жазып, күйөөсү аны таяк менен сабаганын, ал аз келгенсип өзүнө болушкан апасын дагы таяк менен токмоктогонун айтып милицияга кайрылган.
"Биз милицияга кайрылганыбыздан кийин Сүлүктүдөгү оорулуу инимди жана атамды өлтүрөм деп коркутууда. Балдарымды дагы бербейм деп жатат", — деген жабырлануучу.
Ички иштер башкармалыгы экспертизалар дайындалганын билдирди. Учурда аялга коргоо ордери берилип, 35 жаштагы жолдошуна кылмыш ишин козгоо маселеси каралууда.