БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Москва Сириядагы россиялыктардын коопсуздугун камсыздоо үчүн зарыл болгон бардык иштерди жасайт. Бул туурасында РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова айтканын РИА Новости жазды.
"Азыр маанилүү нерсе, биздин приоритет жарандарыбыздын, бардык мекендештерибиздин коопсуздугу экени талашсыз", — деген ал.
Захарова эч кандай бөлүп-жаруучулук жок экендигин, кеп россиялык адистер, аскерлер, дипломаттар, россиялык ЖМКлар менен кызматташкан сириялыктардын, журналисттердин үй-бүлөлөрү туурасында болуп жаткандыгын айтты.
2024-жылдын 8-декабрында Сириядагы кырдаал өзгөргөн, куралданган оппозициянын өкүлдөрү өлкөгө көзөмөл орноткондугун мамлекеттик телевидениеден жар салган. Премьер-министр Мухаммед Гази аль-Жаляли бир катар министрлер менен өлкөдө кала турганын, бирок коргоо министри кайда экени белгисиз болуп жатканын билдирген. Өкмөт башчы оппозициянын жетекчилиги менен байланыш түзө алганын айткан болчу.
Россия ТИМи Сирия президенти Башар Асад сирия жаңжалынын бир катар катышуучулары менен сүйлөшүп, бийликти тынчтык менен өткөрүп берүүнү тапшырып, кызматынан кетүү тууралуу чечим кабыл алганын маалымдаган. Сүйлөшүүлөргө Россия катышкан эмес. Жекшемби күнү Кремлден Асад үй-бүлө мүчөлөрү менен Москвага келгенин, Россия адамгерчилик кылып башпаанек бергенин айтышкан.
Агенттиктин маектеши РФ бийлиги Сириядагы куралдуу оппозициянын өкүлдөрү менен байланышта болуп турганын, лидерлер россиялык аскер база менен дипломатиялык мекмелердин коопсуздугуна кепилдик берилгенин билдирген.
Кечээтен тарта Сириянын убактылуу өкмөтүн Мухаммед аль-Башир жетектей баштады.