Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

"Кууп чыккылачы". Украина депутаты Россия менен АКШга кайрылды

Sputnik
БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Рада депутаты Артем Дмитрук Белта агенттигине маек куруп жатып Россия, АКШ жана Беларуска Украинанын кийинки тагдырын чечип берүүнү өтүндү. Бул тууралуу редакциянын YouTube каналына жарыяланган видеого таянып РИА Новости жазды.

"Алсызбыз, ооба, мойнубузга алабыз. Биз, Украина, өз алдынчалыгыбызды, суверенитетти жоготтук. Россиялыктар, америкалыктар, беларустар, биз үчүн чечим кабыл алгылачы, киши өлтүргүчтү өлкөбүздөн кууп чыгып, талапкерлерди аныктап бергилечи", — деп кайрылган депутат.

Эл өкүлүнүн айтымында, бул үчүн Россия, Беларусь жана АКШ алгач убактылуу өкмөттү аныктап алышы зарыл, мындан соң ал үч өлкө биргелешип түзгөн комиссиянын көзөмөлү менен шайлоо дайындашы керек.
Эскерте кетсек, Зеленскийдин мөөнөтү 20-майда бүткөн. Украина 2024-жылы өтө турган президенттик шайлоону аскердик абалга жана жалпы мобилизацияга шылтап жылдырып койгон. Зеленский азыр шайлоо өткөрө турган мезгил эмес экенин айткан.
Буга чейин Россия президенти Владимир Путин, алдын ала берилген баа боюнча, Украинада учурда парламент менен Раданын спикери жападан жалгыз мыйзамдуу бийлик болуп саналарын билдирген. Анын айтымында, эгер Украина президентти легитимдүү тандоону кааласа аскердик абал боюнча мыйзам жокко чыгышы керек: анын иштеп жатышы өткөн шайлоонун жыйынтыгын ушу кезге чейин жарактуу кыла албайт, "конституцияда бул жөнүндө эч нерсе айтылган эмес".
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Трамп Украинадагы "орунсуз" чатакты бүтүрүүгө камынганын айтты