ЖМК: Сирия оппозициясы Асаддын тууганын өлүм жазасына тартты

Sputnik
БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Сириянын оппозициясы Башар Асаддын тууганы Сулейманини өлүм жазасына тартты. Бул туурасында РИА Новости жазды.
"Латакияга сириялык козголоңчулардын башкы күчтөрүнүн келиши менен улуттук коргонуу күчтөрүнүн жетекчиси Сулейман аль-Асад өлтүрүлдү", — деп айтылган маалыматта.
2024-жылдын 8-декабрында Сириядагы кырдаал өзгөргөн, куралданган оппозициянын өкүлдөрү өлкөгө көзөмөл орноткондугун мамлекеттик телевидениени басып алып, жар салган. Премьер-министр Мухаммед Гази аль-Жаляли бир катар министрлер менен өлкөдө кала турганын, бирок коргоо министри кайда экени белгисиз болуп жатканын билдирген. Ал куралданган оппозициянын жетекчиси менен кепке келишкенин айткан эле.
Россиянын ТИМи Сириянын президенти Башар Асад чатак чыгаргандардын бир катары менен сүйлөшкөн соң кызматтан баш тартып, бийликти тынчтык жолу менен өткөрүп берүүнү чечип, өлкөдөн чыгып кеткен. Сүйлөшүүлөргө Россия катышкан эмес. Кремлдеги маалымат булагы РИА Новостине Асад үй-бүлөсү менен Москвага келгенин, Россия ага башпаанек бергенин кабарлаган.
АКШда Сириядагы бийликтин алмашарын күтпөгөндүгүн айтышты