БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен телефон аркылуу сүйлөшүп, негизинен Украина маселеси талкууланды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Кремлдин маалыматына караганда РФ лидери чырды тынчтык менен жөнгө салууга Киевдин каршы позициясын ортого салган.
"Владимир Путин Украинанын айланасындагы азыркы кырдаалга баа берип, жаңжалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарып жаткан Киев режиминин мамилесин айтып берди", — деп жазылган билдирүүдө.
Өз кезегинде Виктор Орбан кризисти чечүүнүн саясий-дипломатиялык ыкмасын биргелешип издөөгө кызыкдарлыгын билдирген.
Кремль лидерлер Жакынкы Чыгыштагы абалды да талкуулашканын белгиледи.