Жогорку Кеңеште республикалык бюджеттин долбоорлору үч окуудан кабыл алынды

Sputnik
БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. 2025–2026-жылдардын республикалык бюджети боюнча мыйзам долбоорлору экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынды.
Жыйынга министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана башка мамлекеттик мекемелердин жетекчилери катышып, депутаттардын суроолоруна жооп беришти. Талкуу учурунда депутаттар инфраструктуралык объектилердин курулушу, аймактарды өнүктүрүү, коррупцияны жоюу жана башка маанилүү маселелерди көтөрүштү.
Акылбек Жапаров үч жылдык курулуш планы бекитилгенин, анын алкагында 200гө жакын мектеп курулуп жатканын белгиледи. Мындан сырткары, депутаттар экономиканы өнүктүрүү, мигранттардын укуктарын коргоо, ирригациялык системаларды жакшыртуу жана социалдык объектилерди каржылоого көңүл бурушту.
Жыйынтыгында каттоодон өткөн 83 депутаттын 80и мыйзам долбоорлоруна "макул " деп добуш берди, бирөө каршы болду.
Транспорт министрлиги Эсеп палатасынын мыйзам бузду дегенине жооп берди