БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Министрлер кабинети 2025-2027-жылдар аралыгында автоунаалар үчүн милдеттүү техникалык кароону этап-этабы менен киргизүү боюнча жол картаны бекитти.
Бул чара жол коопсуздугун камсыздоо, экологиялык абалды жакшыртуу жана атмосферага зыяндуу заттарды бөлүп чыгарууну азайтуу максатында кабыл алынганы айтылды.
Документтин урунттуу учурлары:
2025-жылга чейин — мамлекеттик диагностикалык борборлордо техникалык кароодон өтө турган транспорт каражаттарынын категорияларын аныктоо;
2026-жылга чейин — 30 жылдан ашкан автоунааларды ташып келүүгө жана ишкердик үчүн колдонууга тыюу салуу, техникалык кароону милдеттүү кылуу жана анын мөөнөтүн өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгуу;
2027-жылга чейин — автоунааларды техникалык кароо үчүн шарт түзүп, республиканын бардык аймагында диагностикалык борборлорду түзүү жана эл аралык стандарттарга ылайык аккредитациялоо.
Жаңы автоунаалар жети жылга чейин техникалык кароодон өткөрүлбөйт.
Документте Жол картанын аткарылышы боюнча мекемелердин милдеттери, жоопкерчиликтери жана көзөмөлдөө жооптуу органдарга жүктөлгөн.
Эске салсак, транспорт каражаттарын милдеттүү техникалык кароодон өткөрүү сунушталган. Бул өнөктүктү 2027-жылга чейин этап-этабы менен киргизүү каралган.