БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Аккаунтта 20-30 күн тынымсыз контент жарыялаап, аны көргөндөрдүн санын көбөйтсө болот. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин видеографы Акбар Акжигитов айтып берди.
Ал SpunikPro долбоорунун алкагында "Жасалма интеллект, нейротармак жана телефонго видео тартуудагы кеңештер" аталышындагы мастер-класс өттү.
"Эгерде контент күндө жарыяланса ал жакшы жайылат. Тааныштарым ушундай ыкманы пайдаланып жети күндүн ичинде "көргөн кишинин" саны өстү. Ошол эле учурда видеолор анчалык деле кызыктуу эмес болчу", — деди Акжигитов.
Ал мастер-класстын катышуучуларын бул тажрыйбаны сынап көрүүгө чакырды.
SputnikPro — бул өз тармагынын адистери билими, иш тажрыйбасы менен маалымат катчы, журналист жана ЖОЖ студенттери менен бөлүшүү үчүн уюштурулган мастер-класс. Долбоор 2018-жылдын жаз айларында башталып, Беларусь, Азербайжан, Армения, Грузия жана Кыргызстандын медиа айдыңында жогорку баага татып келет.