Пресс-борбор

Бишкектеги заманбап ЖМКлардин иши тууралуу мастер-класс кандай өттү. Видео

Sputnik
Sputnik Кыргызстан агенттигинин видеографы Акбар Акжигитов Кыргыз-Россия славян университетинин жана кыргыз эл аралык универсалдык коледжинин студенттери үчүн мастер-класс өттү. SpunikPro долбоорунун алкагында уюштурулган иш чара Sputnik Кыргызстан агенттигинин пресс-борборунда болду.
Акжигитов видео тартуу жана монтаждоодо жасалма интеллект кандай жардам бере аларын айтып берди. Ошондой эле видеоконтентти жаратууга кандай программа, тиркемелерди колдонуу керектигин түшүндүрдү.
SputnikPro — бул өз тармагынын адистери билими, иш тажрыйбасы менен маалымат катчы, журналист жана ЖОЖ студенттери менен бөлүшүү үчүн уюштурулган мастер-класс. Долбоор 2018-жылдын жаз айларында башталып, Беларусь, Азербайжан, Армения, Грузия жана Кыргызстандын медиа айдыңында жогорку баага татып келет.
Тема боюнча:
Видеограф соцтармактагы аккаунтту кантип тез көтөрүүгө болорун түшүндүрдү