ЖККУда талибдер туруктуу мамиле курууга жөндөмдүү экенин далилдегени айтылды

Sputnik
БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. ЖККУ Афганстандагы абалга мониторинг жүргүзүүнү улантуу маанилүү деп эсептейт. Бул тууралуу уюмдун башкы катчысынын орун басары Таалатбек Масадыков айтканын РИА Новости жазды.
Анын айтымында, талибдер коңшулары менен туруктуу мамиле курууга жөндөмдүү экенин көрсөтүүдө.
"Катчылык Афганстандагы абалды мониторингдөө, андан чыга турган тобокелдиктерге каршы туруу боюнча аракеттерди координациялоо маанилүү деп эсептейт. Ошол эле учурда талибдердин режими узак мөөнөттүү саясий фактор экенин далилдеп, кошуналары менен туруктуу алака курууга жөндөмдүү экенин көрсөтүүдө", — деген Масадыков.
Ал ошондой эле бир катар өлкөлөр жана эл аралык уюмдар кошулууга аракет кылып жаткан ЖККУдагы Афганстан боюнча жумушчу топтун ишинин актуалдуу экенин белгиледи.
Масадыков Тажикстан менен Афганстандын чек арасын бекемдөө боюнча мамлекеттик программанын кабыл алынышы ЖККУ региондогу терроризм, экстремизм жана баңгизат коркунучун аңдап жатканынан кабар берерин кошумчалады.
Буга чейин Россиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Сергей Шойгу Москва Афганстан менен конструктивдүү диалог түзүүгө даяр экенин билдирген. Ошондой эле Россияда "Талибан" кыймылын террористтик уюмдардын тизмесинен чыгаруу боюнча мыйзам долбоору сунушталган.
Президент Батышты Афганстандын тоңдурулган акчасын кайтарып берүүгө чакырды