БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн лидерлерин жана аскерлерин 9-майдагы параддан күтөбүз. Бул тууралуу Россиянын президенти Владимир Путин уюмга мүчө өлкөлөрдүн парламенттеринин төрагалары менен жолугушууда билдирди.
Россия президентинин сөзүнүн урунтуу учурлары:
ЖККУга мүчө мамлекеттердин курал-жарактарын стандартташтыруу боюнча бирге иш алып баруу зарыл. Татаал геосаясий шарттарда уюмдун техникалык лидерлигин камсыздоо керек;
кээ бир өлкөлөр аскердик-биологиялык ишмердүүлүктү өнүктүрүп жатат. ЖККУга мүчө мамлекеттер алардын эмне кылып жатканын жана каршы туруу керктигин түшүнүшү шарт;
Улуу Ата Мекендик согуш боюнча тарыхты бирге коргоо зарыл. Жеңиштин 80 жылдыгына арналган иш-чаралар ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн баарында өтөт;
Россия постсоветтик аймактагы туруктуулукту камсыз кылуу үчүн ЖККУнун беделин бекемдөө ниетинде.