БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Социалдык объектилерди куруу үчүн сугат жерлерди трансформациялоого мүмкүндүк берүү каралууда.
Аны депутаттар Айбек Маткеримов, Аманкан Кенжебаев, Кундузбек Сулайманов жана Марлен Маматалиев демилгелеген.
"Киргизилген мораторий мамлекеттик жана муниципалдык аймактарга инвестицияларды тартууга тоскоол болууда, анткени зарыл болгон инфраструктураны куруу үчүн жер участогун бөлүп берүү мүмкүнчүлүгү жок. Ал чектөөнү алып салуу саламаттык сактоо, мектеп сыяктуу социалдык маанилүү объектилерди куруу үчүн жер тилкелерин бөлүп берүүгө мүмкүндүк берет", — деп жазылган негиздемеде.
Жыйын учурунда депутат Акбөкөн Таштанбеков жер менчик болгондо компенсация жагы кандай болоруна кызыкты. Буга Суу ресурстары кызматынын директору Алмазбек Сокеев Жер кодексинде бул маселе каралаганын белгиледи.
"Үч жолу бар: компенсация же ордуна жер берилет. Үчүнчүсү мамлекетке алып коюу", — деди Сокеев.
Натыйжада Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети "Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда колдоду.