ЖМК: Израиль жарым кылымдан бери биринчи ирет Сирияга кирип барды

Sputnik
БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Израиль армиясы өткөн жекшембиде Голан дөңсөөсүнөн өтүп, Сириянын аймагына кирип барды. Бул Израилдин жарым кылымдан бери биринчи ирет жасап жаткан кол салуусу экенин New York Times басылмасы жазды.
"Өткөн дем алышта Израилдин жөө аскерлери делиматация болгон чектен чыгып кетти, бул 1973-жылкы Октябрь революциясы согушунан бери биринчи жолу ачык кирип келиши", — деп айтылат маалыматта.
Кырдаал тууралуу айтып берген аткаминерлер Тель-Авив Сириянын куралданган оппозициясы Голан дөңсөөсүнүн жанындагы аскердик объектилерди колуна алып, андан соң Израилге каршы чабуул жасашынан кооптонгонун билдиришкен.
Буга чейин Израиль армиясынын араб тилдүү өкүлү Авихай Эдри Сириянын түштүгүндөгү чек арага жакын жайгашкан беш аймактын жашоочуларын кооптуулуктан улам көчөгө чыкпай, үйүндө болуп турууга чакырган. Израилдин Kan телерадиокомпаниясынын маалыматына караганда ЦАХАЛ жекшембиде Сириянын Хермон тоосунун жанындагы Сириянын алдыңкы күчтөрү жайгашкан жайды ээлегенден кийин өкмөттүк армия буфердик аймактагы позициясын таштап чыгып кеткен.
Буга чейин Израилдин премьери Биньямин Нетаньяху 1973-жылкы согуштан кийинки Голан дөңсөөсүндөгү күчтөрдү ажыратуу боюнча макулдашуу сириялык аскерлер позициясын таштап кеткенден кийин күчүн жоготкондугун айткан. Мындан улам ЦАХАЛга экиге бөлүп турган аймакты жана армия көзөмөл кылып келген позицияны ээлегенге буйрук берилген. Израиль Голан дөңсөөсүндөгү коргонуусун Сириядагы кырдаалдан улам бекемдеп жатат.
Жекшембиде Сириядагы куралданган оппозициянын өкүлдөрү өлкөгө көзөмөл орноткондугун мамлекеттик телевидениени басып алып, жар салган. Премьер-министр Мухаммед Гази аль-Жаляли бир катар министрлер менен өлкөдө кала турганын, бирок коргоо министри кайда экени белгисиз болуп жатканын билдирген. Өкмөт башчы оппозициянын жетекчилиги менен байланыш түзө алганын айткан болчу.
Россия ТИМи Сирия президенти Башар Асад сирия жаңжалынын бир катар катышуучулары менен сүйлөшүп, бийликти тынчтык менен өткөрүп берүүнү тапшырып, кызматынан кетүү тууралуу чечим кабыл алганын маалымдаган. Сүйлөшүүлөргө Россия катышкан эмес.
Жекшемби күнү Кремлден Асад үй-бүлө мүчөлөрү менен Москвага келгенин, Россия адамгерчилик кылып башпаанек бергенин айтышкан. Агенттиктин маектеши россиялык расмий адамдар сириялык оппозиция жетекчилиги менен байланышта экенин, алар РФтин өлкө аймагындагы аскердик базалары менен дипломатиялык мекмелерине эч кандай коркунуч болбой турганына кепилдик беришкенин кабарлаган.
Голан дөңсөөсү 1967-жылга чейин Сирияга карап турган. Израиль аскерлери алты күндүк жортуулдан кийин бул аймакты ээлеп алышкан. Жыйынтыгында 1973-жылы кепке келишкен да, аскерлерди ажыратышкан. 1974-жылы аталган дөңсөөгө Бириккен Улуттар Уюмунун тынчтык орнотуучулары жайгаштырылган. Чек ара постунун сириялык жактагы бөлүгүн "Браво", ал эми Израиль тарабын "Альфа" деп аташкан.
Башар Асаддын Москвага келген себебин Россиянын өкүлү бир сөз менен түшүндүрдү