БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Сириянын отставкадагы президенти Башар Асад жана анын үй-бүлө мүчөлөрү Москвага келди. Бул тууралуу РИА Новости Кремлдеги маалымат булагына таянып жазды.
“Сириянын президенти Асад жана анын үй-бүлө мүчөлөрү Москвага келишти. Россия аларга гуманитардык негизде башпаанек берди”, - деген агенттиктин маектеши.
Сирияда учурда кырдаал тынч эмес. Өлкөнүн аскерлери Дамасктан чыгып кетип, борбордук телеканалдын имаратын куралданган оппозиция ээлеп алганын Al Jazeera жазды. Алар түз эфирге чыгып, мамлекетке көзөмөл орнотконун, Дамаскты башкарарын билдиришкен. Өлкөдөгү кырдаалдан улам президент Башар Асад 8-декабрга караган түнү Дамасктан чыгып, белгисиз тарапка учуп кеткени айтылган. Кийинчерээк Асад бараткан Ил-76 учагы радардан көрүнбөй калганы да кабарланган болчу.