Дамаскка кирген согушкерлер Сирияга көзөмөл орнотконун билдиришти

Sputnik
БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Сириядагы мамлекеттик телеканалды басып алган согушкерлер түз эфирге чыгып, мамлекетке көзөмөл орнотконун, Дамаскты башкарарын билдиришти. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
“Башар Асад бийликтен кулатылды, бүттү... Камактагылар түрмөдөн бошотулду”, — деп айтышкан алар.
Муну менен катар террористтер өз согушкерлерин объектилерди талкалабоого чакырды.
Ал эми Сирия премьер-министри Мухаммед Гази аль-Жаляли Al-Arabiya басылмасына телефон аркылуу берген комментарийинде “Хайат Тахрир аш-Шам”* террористтик уюм менен сүйлөшкөнүн билдирген.
“Ооба, биз Абу Мухаммад аль-Жулани (террористтик уюмдун башчысы) менен байланыштык. Ал калкка кызмат көрсөтүү уланарын, өч алуу жана репрессиялар болбой турганын айтты”, — деп билдирген премьер-министр.
Мухаммед Гази аль-Жаляли Сирия тарыхынын жаңы баскычы башталарын кошумчалаган.
“Сириянын тарыхында жаңы баскыч башталат. Биз плюрализмдин доору келе жатат деп ишенебиз”, — деген ал.
* Россияда тыюу салынган террордук уюм
Дамаскка согушкерлер кирип, Сириянын армиясы шаардан кете баштады. Чоо-жайы