БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Айрым маалыматтарга караганда, Сириянын президенти Башар Асад бараткан Ил-76 учагы радардан көрүнбөй калганын РИА Новости жазды.
Анда борт учкандан кийин 40 мүнөттөн соң Хомс шаарынан алыс эмес жерде, деңиз деңгээлинен 495 метр бийиктикте жоголгону айтылат.
Flightradar24 кызматынын маалыматы боюнча, учактан азыркыга чейин кабар жок.
Reuters Асад өлкөдөгү абалдан соң Дамаск шаарын таштап белгисиз тарапка учуп кеткендигин жазган. Кийинчерээк агенттиктин маалымат булагы учак атып түшүрүлүп, ичиндеги Асад каза болшу мүмкүндүгүн айткан.
Буга чейин Сириянын премьер-министри президент менен кечээ байланышканын, ал азыр кайда экенин билбей тургандыгын билдирген.
Эске салсак, Сириянын президенти Башар Асад өлкөдөгү кырдаалдан улам 8-декабрга караган түнү Дамасктан чыгып, белгисиз тарапка учуп кеткени айтылууда. Өлкөнүн аскерлери Дамасктан чыгып кетүүдө, ал эми борбордук телеканалдын имаратын куралданган оппозиция ээлеп алганын Al Jazeera ырастаган. Алар түз эфирге чыгып, мамлекетке көзөмөл орнотконун, Дамаскты башкарарын билдиришти.