БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. “Асман аба жолдору” мамлекеттик ишканасынын учагы Бишкектен Каракол шаарына техникалык рейс жасады. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, "Каракол" эл аралык аэропорту реконструкцияланып, расмий ачылышына даярдык иштери аяктады.
"Аэропорт 10-декабрда ачылат. Аземге өлкө башчы Садыр Жапаров катышат", — деп жазылат маалыматта.
Аба майдандын учуп-конуу тилкеси узартылып, жаңы аэровокзал комплекси салынган. Объект саатына 250 жүргүнчүнү өткөрө алат. Аэропорттун жалпы аянты 8 миң чарчы метрди түзөт.