БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев КМШ өлкөлөрүнүн саламаттыкты сактоо жаатында кызматташуу боюнча кеңешинин отурумуна катышууда. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.
Иш-чара ушул тапта Санкт-Петербург шаарында өтүүдө.
Бейшеналиев иш сапардын алкагында Россиянын алдыңкы федералдык медициналык борборлору жана институттары менен таанышып чыккан.
Делегация Р.Р. Вреден атындагы травматология жана ортопедия улуттук медициналык изилдөө борборуна барып, дарылоо жана калыбына келтирүүнүн алдыңкы ыкмаларын көргөн.
Андан кийин министр улуттук онкология борборунда болуп, жетекчилер менен кызматташууну, тажрыйба алмашууну, биргелешкен изилдөөлөрдү жүргүзүп, кадрларды даярдоону сүйлөшкөн. Мындан сырткары, балдардагы татаал жаракатты аныктап, дарылоонун жолдору боюнча маалымат алышкан.
Бейшеналиев Россиянын медициналык борборлору менен кызматташууну чыңдоо Кыргызстанга саламаттыкты сактоону өнүктүрүү үчүн стратегиялык мааниге ээ экендигин белгилеген.