БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. АКШ, Улуу Британия жана Евробиримдик Украинадагы адам укуктары туурасында эч качан ооз ачпайт, себеби орустар жана орус тилде сүйлөгөн калк үчүн ага толук тыюу салынганын көрүп турушат. Бул туурасында Россиянын ТИМ башчысы Сергей Лавров америкалык журналист Такер Карлсонго интервью берип жатып айтты.
"АКШ, Улуу Британия жана Евробиримдик Украинадагы адам укуктары туурасында эч качан айтышпайт. Себеби, сөз болуп жаткан бул укуктар орустар жана орус тилде сүйлөгөндөр үчүн толук тыюу салынган", — деди Лавров.
Муну ал дагы тереңирээк түшүндүргөн.
"Мисалга, айтор бир согушту алалы. Ага АКШ, Улуу Британия жана ЕБ кийлигишет. Адам укуктары орой түрдө бузулгандыгын жана "жарандардын укуктарын кайсы бир жерлерде калыбына келтирүү" керектигин айтышат. Ал эми Украинада "адам укугу" деген сөз эч качан айтылбайт", — деп кошумчалаган.
Россия Украинадагы орус тилине, россиялык ЖМКларга, орус маданиятына, украиналык православдык чиркөөгө тыюу салынган мыйзамдардын болушуна макул эмес жана аны кабылдабайт.