БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Россиянын лидери Владимир Путин президент Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан билдиришти.
Анда Россия Жапаровдун эки өлкөнүн ортосундагы союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелерди бекемдөөгө кошкон жеке салымын жогору баалай турганы белгиленген.
"Сиз менен эки тараптуу байланыштардын бүткүл комплексин мындан ары бекемдөө, ошондой эле Евразия мейкиндигинде интеграциялык процесстерди өнүктүрүү жана регионалдык коопсуздукту камсыз кылуу кызыкчылыктарында биргелешкен ишти улантабыз. Сизге чың ден соолук, бакубатчылык жана дос мамиледеги Кыргыз Республикасынын элинин жыргалчылыгы үчүн мамлекеттик ишиңизге ийгиликтерди каалайм", — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.
Белгилей кетсек, бүгүн өлкө башчы Садыр Жапаров 56 жашка толуп жатат. Маалымат катчысы Аскат Алагөзов президент туулган күнүн жумушта, кадимки күндөй эле өткөрө турганын айтты.