Президенттин "Мейкин" сыйлыгы 17-декабрда тапшырылат

Sputnik
БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Президенттин "Мейкин" сыйлыгын тапшыруу аземи 17-декабрда өтөт. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди.
Комиссиянын ишинин жыйынтыгын чыгарууга арналган маалымат жыйында белгиленгендей, иш-чара өлкө башчы Садыр Жапаровдун катышуусунда болмокчу.
"Айрым ЖМКлар редакциялык саясатына байланыштуу баш тартышты. Биз тараптан сынакка катыштырбай коюуга чектөө коюлган жок. Кийинки жылдары бул сыйлыкка өзгөртүүлөр киргизилет", — деди Орунбеков.
Жыйында комиссиянын мүчөлөрү түшкөн материалдарды калыс баалоого шарт түзүлүп, басым-кысым болбогонун белгилешти.
Президент Садыр Жапаров журналисттер үчүн президенттик "Мейкин" сыйлыгын негиздеген. Демилге медиа жана журналистика жаатында чыгармачылыкты колдоо, жетишкендиктерди таануу, журналисттик кесиптин беделин жогорулатуу жана чыгармачылык активдүүлүккө дем берүү максатында иштелип чыкканы айтылган.
"Мейкин" сый акысы жыл сайын берилип турмакчы. Сыйлыктын байге фонду 10 миллион сомдон ашып, 10 номинациянын ар бирине 1 миллион сомдон сый акы каралган.
Президенттин "Мейкин" сыйлыгына талапкерлердин кыска тизмеси аныкталды