БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Бүгүн өлкө башчы Садыр Жапаров 56 жашка толуп жатат. Мааракеге карата чет өлкөлөрдүн лидерлеринен келген куттуктоолордун текстин маалымат кызматы жарыялоодо.
Алсак, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Садыр Жапаровду телефон аркылуу куттуктаса, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Азербайжандын президенти Илхам Алиев, Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин, Беларустун президенти Александр Лукашенко, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян куттуктоолорун жөнөткөн.
Өлкө лидерлери Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктап, бекем ден соолук жана мамлекеттик ишмердигинде ийгиликтерди каалаган.
Куттуктоо айткандардын арасында Россиянын Федералдык жыйынынын Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко дагы бар.
"Сизге мүнөздүү лидердик сапаттар стратегиялык ой жүгүртүүнүн, чечимдерди кабыл алуунун тайманбастыгынын, компромисстерди таба билүүнүн жана туруктуулукту көрсөтүүнүн аркасында Кыргыз Республикасында калктын бакубаттуулугун жогорулатууга багытталган маанилүү социалдык-экономикалык долбоорлор ийгиликтүү ишке ашырылууда, мамлекеттин эл аралык кадыр-баркы бекемделүүдө", — деп айтылат Матвиенконун куттуктоосунда.
Мындан тышкары, Татарстандын раиси Рустам Минниханов, Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаев, Түркмөнстандын Халк Маслахатынын төрагасы Гурбангулы Бердымухамедовдор дагы бул датага карата жакшы тилектерин жолдогон.
Буга чейин Россиянын лидери Владимир Путин дагы Садыр Жапаровду куттуктап, эки өлкөнүн ортосундагы союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелерди бекемдөөгө кошкон жеке салымын жогору баалай турганы белгиленген.