БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Бишкек — Күнтуу — Белогорка — Суусамыр жолун куруу мерчемделип жатат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Евразиялык өнүктүрүү банкы жолдун курулушунун техникалык-экономикалык негиздемесин түзүүгө 200 миң доллар бөлөт.
"Бишкек — Күнтуу — Белогорка — Суусамыр жолу азыркы каттамдан 164 чакырым кыска болуп, түндүк менен түштүк аймактарынын ортосундагы жол жүрүү убактысын болжол менен 2-4 саатка кыскартат. Ошондой эле жолдун курулушу эл аралык жана ички туризм менен сооданы өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт. Жолду куруу учурунда да, аны пайдалануу учурунда да жаңы жумуш орундары пайда болот", — деп айтылат маалыматта
Долбоор Бишкек менен Оштун ортосундагы жол тыгындарын азайтууга багытталганы кошумчаланды.